Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен 31-декабрдан 1-январга караган түнү муниципалитеттин Жаңы жылды тосууга даярдыгы боюнча жыйынтыктоочу кеңешме өткөрдү.

Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеванын маалыматы боюнча, негизги майрамдык иш-чара 31-декабрда саат 19:00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында – эстрада артисттеринин катышуусунда концерттик программа тартууланат.

Борбор калаанын мэри шаардагы иш-чаралар учурунда коомдук тартипти камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилеп, борбор калаанын күч түзүмдөрүнө шаарда, өзгөчө тургундар көп топтолгон жерлерде тартипти көзөмөлдөөнү жана сактоону тапшырды.

Ошондой эле, Айбек Жунушалиев концертке келген көрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн борбордук аянттын аймагында фейерверктерди сатууга жол бербөө максатында мыйзамсыз соода түйүндөрүн көзөмөлгө алууну тапшырды.

Айта кетсек, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы жылдык экспресс автобустар менен троллейбустар, кичи автобустар түнкү саат 01:00гө чейин каттайт. Алардын каттамдары тууралуу кошумча маалымат беребиз.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы коопсуздукту сактоону, пиротехникалык буюмдарды колдонуудан баш тартууну жана жеке буюмдарга өтө этият мамиле кылууну суранат.Урматтуу ата-энелер! Балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар! Коомдук иш-чараларда балдар көбүнчө ата-энелеринен артта калып, адашып калышат. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!