“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча,  29-декабрга карата “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 475 техникалык паспорт берилген.

Бардыгы болуп 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылып, 630 техникалык паспорт даярдалды.

Ошондой эле, жеке тартипте “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамическая”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-е Черепки”, “Кара-Жыгач”, «Тынчтык», «Учкун» 2021-жылдын 13-декабрынан тартып 357 арыз кабыл алынган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан баштап ишке киришкен.

Көчмө топтор иликтөө иштерин жүргүзүп, андан соң өз билемдик менен курулган турак жай жер тилкелерине Техникалык паспорт даярдашат. Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик каттоого түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо жер тилкесин мыйзамдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.
Урматтуу шаардыктар! Сиздерден расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуздар, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.

Документти толтуруу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://www.meria.kg/ru/post/23317