Жаңы жылдын алдында Октябрь акимиаты SOS Балдар айылынын конокторун жана кызматкерлерин куттуктады.

Райондук администрациянын кызматкерлеринен балдарга телевизор жана жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Эске салсак, борбор калаанын мэриясы быйылкы жылы жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралардан кайрымдуулуктун пайдасына баш тартуу чечимин кабыл алган.