Жаңы жылдын алдында Ленин районунун акимиатынын аппараты жаңы жылдык иш-чараларынын ордуна «Мээрим борбору» мамлекеттик мекемесине белек кылды.

Турмуштук оор кырдаалга кабылган 14 жашка чейинки 24 балага балдар тамак-ашы жана жеке гигиеналык каражаттар алынды.
Белгилей кетсек, сатылып алынган белектер аппараттын профсоюзунун фондунан чогултулган.