Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын конуштарынын  тургундары менен жолугушуу өткөрдү, анда бул конуш коомдук транспорт менен толук камтылбагандыктан, райондун транспорттук жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер айтылды.

Жашоочулар №164- кичи автобустун токтоочу жери болгон борбордук көчөгө же №17- автобусттук каттам  кары-картаңдар менен балдардын жетиши абдан кыйын экенин белгилешти.

Мындан улам калаа башчысынан бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнүү суранып, жогорудагы каттамдардын биринин акыркы аялдамасынын ордун узартуу же өзгөртүү өтүнүчү айтылды.

Жыйынтыгында шаардык транспорт башкармалыгына шаардыктардын көйгөйлөрүн тез арада чечүү тапшырмасы берилди.
Бүгүн, 31-декабрда ведомстволор аралык комиссияда билдирүү менен №17-автобустук каттамдын кыймылын өзгөртүү маселеси боюнча кайрылуу каралып,  эми каттам: «Кызыл курулушчу», Профессор Зима, Тоголок Молдо, Чүй, Профсоюз көчөлөрүн камтыган 22 бирдик чыгат.

Тургундар комиссиянын чечимине жана аткарылган ыкчам иштери үчүн ыраазычылык билдиришти.

Урматтуу шаардыктар! Комиссия жума сайын жума күндөрү саат 13:00дө өткөрүлөт жана шаардык транспорт башкармалыгынын расмий баракчасында көрсөтүлөт: https://www.facebook.com/ugt533646

Коомдук транспорт боюнча WhatsApp аркылуу байланышсаңыздар болот: 0(502) 205 202.