Бүгүн таңкы саат 8:00 дө “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Белгилей кетсек, “Тазалык” ишканасынын каза болгон кызматкери толук формада болгон, анын ичинде, жарык чагылдыруучу элементтери бар жумушчу жилетинде. Алдын ала маалыматтарга караганда, оң рулдуу унаанын айдоочусу башка унаадан ашып бара жатып жолдон адамды көргөн эмес. Натыйжада адамды сүзүп  кеткен.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ыкчам барды.

Муниципалитеттин башчысы дем алыш күндөрү “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерин борбордук көчөлөргө чыгуусуна убактылуу чектөө киргизүүнү жана борбордук көчөлөрдү тазалоодо атайын техниканы максималдуу түрдө колдонууну тапшырды. Мындан тышкары, шаардык кызматтардын башчыларына көчөлөрдү тазалоодо жарык чагылтуу элементтери бар көчмө жол белгилерин (конустар, ж.б.) колдонуу тапшырмасы берилди. Маркумдун үй-бүлөсүнө резервдик фонддон 50 миң сом бөлүп берүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык компенсация төлөп берүү тапшырылды.

Ошондой эле, калаа башчысы борбордук көчөлөрдө коопсуздукту толук камсыздоо жана жумушчулардын эмгегин минималдаштыруу максатында сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Буга чейин, тактап айтканда, 2021-жылдын декабрь айында “Тазалык” муниципалдык ишкакнасынын кызматкерлерине 2 адам өлүмү менен коштолгон кырсык катталган. Бул учурлардын бардыгына айдоочулар себепкер болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын айдоочуларына мүмкүн болушунча этият болууга жана тургундардын коопсуздугу үчүн жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырат.