Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын санитардык полигонунун аймагында жаңы жылда биринчи көчмө жыйынын өткөрдү.

Борбор калаанын мэри шаардык кызматтардын жетекчилерин жана «Эко-Тренд плюс» компаниясынын өкүлдөрүн чакырды.

Жолугушуунун катышуучулары таштанды полигонунун иштеринин абалына, полигондон чыккан түтүндүн деңгээлине баа беришти, ошондой эле жакынкы күндөргө иш планын, анын ичинде МЖӨ Макулдашуусу боюнча 2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарынын мэриясы менен «Эко-Тренд плюс» ЖЧКсынын ортосунда кол коюлган катуу тиричилик калдыктарын сорттоо, кайра иштетүү жана көмүү боюнча,  жеке өнөктөш менен биргелешкен аракеттерди талкуулашты. Инвестор белгилегендей, 5-январдан баштап полигондун полигон бөлүгүн террассалоо боюнча жигердүү иштер башталып, жаңы атайын техникалар алынып келинип, таштандыларды сорттоочу цехтин жабдууларын орнотуу боюнча даярдык иштери башталат.

Айбек Жунушалиев ошондой эле учурдагы түтүн очокторуна көңүл буруп, Бишкек шаардык санитардык полигондун жетекчилигине түтүндүн келип чыгуу себептерин (өрт коюу, туура эмес сактоо ж.б.) локалдаштыруу боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле борбор калаанын мэри полигондо эмгек коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди күчөтүүнү жана атайын техникаларды оңдоп-түзөө иштерин тездетүүнү тапшырды.

Бишкек шаарынын мэри жеке өнөктөшкө МЖӨ алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди так аткарууну, анын ичинде полигондо пландалган иштердин мөөнөттөрүн сактоону сунуштады. Таштандыларды сорттоочу заводду куруу долбоору шаар башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө. Жалпысынан Айбек Жунушалиев белгилегендей, таштандыларды сорттоочу заводду куруу долбоору муниципалитет тарабынан 2022-жылга пландаштырылган ири долбоорлордун бири. Маалым болгондой, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы 2022-жылы бир катар ири долбоорлор ишке ашырылаарын белгилеген: заманбап экологиялык коомдук транспортторду жана электроавтобустарды ишке киргизүү, шаардык унаа жолдордо чоң жол түйүндөрүн куруу, тротуарларды оңдоо, парктарды куруу, таштандыларды жер астындагы сактоо системасын ишке киргизүү, шаардагы унаа токтотуучу жайлардын жана парковкалардын заманбап системаларын киргизүү жана башкалар.