Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бала бакча жана мектептердин курулушу менен таанышты. Мэр биринчи «Мурас-Ордо» жаңы конушундагы мектепке барды. 2019-жылы бул объектинин курулушу токтотулган. 2021-жылы мектептин курулушун улантууга каражат бөлүнгөн. Учурда чатыры жабылып, дубалдарын көтөрүү иштери башталды. Имарат 660 окуучу орунга эсептелип, курулуш иштери 40% бүткөрүлдү.

Андан ары мэр «Касым» жана «Кара-Жыгач» конуштарындагы бала бакчаларды реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. «Шоола» бала бакчасын реконструкциялоо иштери 2021-жылдын октябрь айынын ортосунда башталган. Учурда полдун төшөлмөсүн, кирпич тосмолорун алуу, жер иштери, ички жана тышкы канализация, ирригация, бетон стяжка, тилкелүү пайдубалдарды, кирпич тосмолорду бузуу иштери аяктады. Электр жарыгын орнотуу, дубалды керамикалык плиткалар менен каптоо иштери журуп жатат. Мэр ишти 2021-жылдын 1-июнуна чейин бүткөрүүнү, ошондой эле бала бакчанын аймагын жакшыртууну тапшырды.

«Кара-Жыгач» конушундагы бала бакчанын курулушу 2021-жылдын июнь айында башталган. Бүгүнкү күндө каркасын жана чатырын орнотуу иштери аяктап, биринчи жана экинчи кабаттардын кирпич менен көтөрүү иштери аяктоо  баскычында. Сантехника, откананын пайдубалын куруу жана электр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. «Алтын-Ордо» жаңы конушундагы 480 орунга эсептелген мектептин курулушу менен таанышуу учурунда мэр бардык курулуп жаткан объектилер сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшүн кызмат жетекчилерине тапшырды. «Алтын-Ордо» конушундагы мектептин курулушу 2021-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө биринчи блоктун эки кабатынын жана үчүнчү блоктун колоннасынын курулушу аяктады, ошондой эле үчүнчү кабаттын кирпичтерин даярдоо жана үчүнчү блоктун устундарына жана пол плиталарына опалубкаларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2022-жылы Бишкек шаарынын аймагында республикалык бюджеттин эсебинен 15 мектепти, анын ичинде учурдагы мектептерге кошумча окуу корпустарын куруп, пайдаланууга берүү пландалууда.