«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин катышуусундагы акыркы жол-транспорт кырсыктарынан улам шаардыктар  тазалоочу атайын техникаларды сатып алуу жөнүндө петиция түзүштү.

Шаар мэриясы шаардыктарды колдойт, мындан тышкары, «Тазалык» ишканасындагы коррупция ушундай абалга алып келди деп эсептейт. Бул муниципалдык ишкананын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнө жакында аяктаган аудиттин жыйынтыгында 54 миллион сомдук көптөгөн каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Ишкананын бюджетине келтирилген зыяндын көбү мамлекеттик мыйзамсыз сатып алуулардан, күйүүчү-майлоочу майларга жана тетиктерге кеткен чыгымдарды эсептен чыгаруудан, жетекчилерге негизсиз төлөмдөрдөн келип чыккан. Ошондой эле «Тазалыктын» акчасын алкоголдук ичимдиктерге, тамекилерге жана башкаларга коротуу учурлары катталган.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин борбор калаанын мэринин тапшырмасы боюнча жана мурда бекитилген пландын алкагында Бишкек мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан 19 текшерүү жүргүзүлгөн. Аталган үч айдагы муниципалдык түзүмдөрдүн жана ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен мэрия тарабынан 210 535 600 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. 13 объект боюнча текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин эмгек коопсуздугун жогорулатуу максатында коррупциялык схемаларды, мыйзам бузууларды жоюу жана заманбап атайын тазалоочу техникаларды сатып алууга даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө.