Казахстан Республикасынын жарандарын Бишкек шаарын транзит катары колдончу жүргүнчүлөрүнө тиешелүү шарттарды түзүп берүү максатында, "Манас" эл аралык аэропортунан транспорт менен камсыз кылуу, мейманканаларга жайгаштыруу  жана "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна чейин жеткирүү иштери  уюштурулду.

2022-жылдын 8-январына карата 32 жаранды тосуп алып, Достук мейманканасына жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, бардык чыгымдар мэрдин резервдик фондунан жана демөөрчүлөр тарабынан төлөнөт.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясы  Достук мейманканасынан "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жарандарды транспорттоо ишин аткарууда.

Ошондой эле мэр А.Джунушалиев шаардык штабдын иш-чаралар планын бекитип, шаардын бир нече акимчилиги жана кызматтары элчилик менен координациялуу иш алып барып жатышат.

Учурда "Манас" эл аралык аэропортунда нөөмөттүк автобустар бардык коопсуздук чараларын колдонуу менен иш алып барууда.
Керектүү учурда жарандар  мейманканаларга жайгаштырылат.

Урматтуу шаардыктар! Шаардык мэрия ыктыярчыларды иш-аракеттерди биргеликте пландоого чакырат.
Ал үчүн мэрияга келип же болбосо 0555 988 866 номери мэриянын аппарат жетекчиси Исаков Миргазы Маратович менен байланышсаңыздар болот.