Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 15 мектепти куруу, анын ичинде иштеп жаткан мектептерге кошумча окуу корпустарын куруу сунушталып жатканын билдирди.

Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин алдына ушул жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарындагы мектептерди куруу боюнча орун алган маселелерди чечүү милдетин койгонун баса белгиледи.

«Бул тапшырма белгиленген мөөнөттө аткарылышы керек. Балдар заманбап мектептерде  окушу керек. Бул окуу жайларда өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундарыбыз сапаттуу билим алып, инсан катары калыптанышат. Мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатуу маанилүү”, - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ошондой эле, эки автожолдун жана  сквердин курулушу сыяктуу долбоорлор сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.