Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаар аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

Кыш мезгилинде таштанды контейнерлерине күл ташталып, өрттөө фактылары катталып келет.

Мындай мыйзам бузуу фактысын инспекторлор Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган жаран С.С.Матраимов тарабынан аныкташкан. Ага карата КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 5 миң 500 сом айып салуу менен токтом чыгарылган. Күйүп жаткан контейнер өчүрүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Таштанды контейнерлерине  күл чыгарууга толук муздатылгандан кийин гана жол берилет.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району боюнча: 0551551745;
Октябрь району боюнча: 0505523832;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району: 0554222213.