Борбор калаанын мэриясынын имаратында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Киев шаардык мамлекеттик администрациясынын ортосунда тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Борбордун мэри Украина менен, атап айтканда, боордош шаарлар жана өнөктөш шаарлар менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Маалымат үчүн: Бишкек Киев шаары менен өнөктөштүк мамилелерди түзүп, 1997 жана 2001-жылдары кызматташууну тереңдетүү боюнча меморандумдарга кол коюлган.