«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын футболдук командасы  «Байнур» ышкыбоздор лигасында  биринчи орунду ээледи.

Мелдештер үч айга созулду, ал эми ишкананын жамааты беш жылдан бери машыгып келишет.

Борбор калаанын мэриясы өз кезегинде ышкыбоз спортчуларга мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайт.

Маалымат: "Байнур"  Лигасы – футзал боюнча ышкыбоздор арасындагы турнир, анда сиз өз командаңызды чогултуп, көптөгөн баалуу байгелерди утуп ала аласыз.