Биринчи май акимиатынын жыйындар залында кезектеги жыйын өттү.

Райондун акими Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы алдында үч маселе каралды: 2022-жылы калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине каттоо күбөлүгүн тариздөө, 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү.

Биринчи маселе боюнча райондук МАБдардын төрагалары улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү менен биргеликте эл каттоонун уюштуруу аспектилерин, анын ичинде райондун калктуу конуштарынын чек арасын аныктоону талкуулашты.

Андан кийин уруксаты жок курулуштарды изилдөө үчүн  мобилдик топтордун графигин каралды.  Бул маселе боюнча райондун тургундары арасында маалыматтык кампания жүргүзүү тапшырылды. Белгилей кетсек, Биринчи май районунда укук белгилөөчү документтери жок 2686 кожолук бар.

Жыйындын жүрүшүндө  биз УШКлардын кайра шайлоолорго даярдыгы боюнча маселелерди карап чыктык.

Жыйынтыгында райондук кызматтарга каралган бардык маселелер боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.