Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, акыркы 24 саатта борбордо 345 жаңы учур аныкталган.

Алардын 303ү симптомдору менен, 42си симптомсуз алып жүрүүчүлөр. 32 адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы, 2 шаардык каза болду.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда 9 көчмө мобилдик бригада жана 118 кызматы ишин уланууда.

Коронавирустук инфекциянын жайылышын азайтуу максатында, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоону: беткап кийүү, колду дезинфекциялоону, имараттарды желдетүүнү, коомдук иш-чараларга барбоону суранабыз.

Бирок өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоонун эң эффективдүү жолу бул эмдөө. Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн 81 убактылуу эмдөө пункттары жана мобилдик топтор ишин улантууда.

Каалоочулар төмөнкү вакциналар менен эмдесе болот: «Sinopharm», «AstraZeneca», «Moderna», «Pfizer» и «Спутник Лайт».