Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева балдарга КРнын  Президентинин белектерин тапшырды.

Кийим-кече жана окуу куралдарын турмуштук оор кырдаалга кабылган 9 бала алды.

Ошондой эле буга чейин борбор калаанын 248 жетим балдарына КРнын президентинин жаңы жылдык белектери тапшырылган.

Мындан тышкары, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 10 миң 285 балага жаңы жылдык белектер берилди. Белектерди сатып алууга шаардык бюджеттен 6,4 млн сом бөлүнгөн.