Ооруга чалдыгуунун санынын көбөйүшүнө жана  борбор калаадагы курч санитардык-эпидемиологиялык абалга жана "омикрон" штаммынын аныкталгандыгына байланыштуу,  Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кеңешмелерди жана жолугушууларды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштайт.

"Омикрон" штаммы  жугуунун жогорку даражасы, калк арасында тез таралышы жана кыскартылган инкубациялык мезгили менен айырмаланат.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден сактануу чараларын так сактоону: массалык иш-чараларга баруудан баш тартууну, аралыкты сактоону, бет кап тагынып, колду бат баттан жууп, жабык жайларды желдетип турууну, антисептик менен колдонууну жана эмдөө өтүүнү суранабыз. Эмдөө таажы тумоо менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Өзүңүздү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!