Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, Токомбаев жана Байтик-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакка таза суу түтүктөрү орнотулат.

Бүгүнкү күндө,  жазга чейин суу берүүнү баштоо үчүн бургулоо техникалары тынымсыз иштеп жатат.

Долбоорго ылайык, скважинанын тереңдиги 210 метрди түзүп, ал курулуп жаткан эки сейил бакты: Токомбаев-Байтик-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил багы жана Кыргызстан менен Азербайжандын элдеринин достугу сейил багын суу менен камсыздайт.

Белгилей кетсек, Токомбаев жана Байтик-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын жалпы аянты 10,2 гектарды түзөт. Азыркы учурда брусчатка жана бордюрларды төшөп, ирригациялык системаны орнотуп жатышат.

Кыргызстан менен Азербайжандын элдеринин достугу сейил багында Башкармалык тарабынан тышкы инженердик тармактарды куруу: трансформациялык көмөк чордонду, электр кабелдерин, суу жана канализация тармактарын монтаждоо иштери жүргүзүлөт.