Борбор калаанын мэриясы ата-энелерди балдарында курч респиратордук вирустук инфекция оорусунун белгилери байкалса же алар ооруган адамдар менен байланышта болгон болсо, аларды мектепке жана бала бакчага жибербөөгө чакырат.

Эгер сиздердин балаңыз ооруп калса, тезинен дарыгерге кайрылыңыздар. Эгер үй-бүлө мүчөсү карантинге алынган болсо, баласы дагы коронавирустун алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн экенин унутпаңыздар.

Урматтуу шаардыктар! Карантин режимин так сактап, жумушка чыкпай, бет кап тагынып, колуңуздарды  жууп же антисептик колдонуңуздар. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оору сыркоодон сактаңыздар.