Саламаттык сактоо башкармалыгынын  маалыматы боюнча, акыркы суткада борбордо 632 жаңы учур аныкталды, анын 58и симптомсуз, 28 бейтап ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы 3 адам каза болду.

Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлери үй карантининдеги адамдардын ден соолугунун абалына  байкоо жүргүзүп келишет. Үй шартындагы карантин мөөнөтүн өткөрүп жаткан адамдарды көзөмөлгө алуу максатында 12 мобилдик топ иштөөдө. Керек болсо мобилдик топтордун саны дагы көбөйтүлөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, "омикрон" штаммы жугушу тез, бирок оорунун өтүшү негизинен жеңил түрдө өтөт. Мындан тышкары, эмделген бейтаптар ооруну жеңилирээк көтөрүшөт, эмдөө алгандардын арасында өлүмгө учураган учурлар катталган эмес.

Каалоочулар "Sinopharm", "AstraZeneca", "Moderna", "Pfizer" жана  "Спутник Лайт" вакциналарын шаар баюнча уюштурулган  81 убактылуу эмдөө пунктунда  ала алышат.


2022-жылдын 13-январына карата эмдөө башталгандан  бери жалпы 152 047  адам (36,7%) биринчи эмдөөдөн, 127  002 (30,6%) адам 2-чи эмдөөдөн өттү. Акыркы суткага карата 889 адам, анын ичинде биринчи доза менен 503, экинчи доза менен – 386 адам эмделген.

Белгилей кетсек, шаардык медициналык мекемелерде ооруканага жаткыруу үчүн орундар жетиштүү. Оорунун алгачкы белгилери байкалганда, өз алдынча изоляцияга өтүүнү жана кеңеш алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге же 118 колл-борборуна кайрылууңузду же мобилдик топту чакырууну суранабыз.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден сактануу чараларын так сактоону: массалык иш-чараларга баруудан баш тартууну, аралыкты сактоону, бет кап тагынып, колду бат баттан жууп, жабык жайларды желдетип турууну, антисептик менен колдонууну жана эмдөө өтүүнү суранабыз. Эмдөө таажы тумоо менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Өзүңүздү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!