«Бишкек жашыл чарба» жана  « Бишкекасфальтсервис» муниципалдык  ишканалары борборубуздун дарактарын бетон «тузактарынан» бошотушту.

Мындай иштер жашылдандыруучулардын көрсөтмөсү аркылуу «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын  кызматкерлери менен аткарылып жатат. Бакты куткарыш үчүн тегерегиндеги жолдун боюндагы бетон  талкаланып бактын тегереги бошотулат.

Азыркы учурда биз Ленин районундагы Ч.Айтматов жана Гагарин, Шота Руставели жана Жаш Гвардия бульварында Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев  көчөсүнө чейин бактарды бошоттук. Мындан мурун бул иштер Свердлов районунда өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө бетон тузагынан 100 ашык бак бошотулду. Калаабызда ушундай жардамга муктаж 800 бак аныкталды. Мындай бактарга жай мезгилине чейин  жардам көрсөтүлөт.