Борбор калаанын мэриясында вице-мэр Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйынга райондук администрациялардын, саламаттыкты сактоо башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, билим берүү башкармалыгынын, шаардык транспорт башкармалыгынын жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Комиссия мүчөлөрү Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абалды жана коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.


Талкуунун жыйынтыгында Бишкек шаарында күн сайын коронавирустук инфекциянын катталган учурларынын көбөйүшүн эске алуу менен шаардык транспорт башкармалыгы коомдук транспорттордо санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик, дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтөт. 118 чалуу-борборунун иши да күчөтүлөт. Операторлордун иштөө мөөнөтү эртең мененки саат 8:00дөн кечки 22:00гө чейин узартылат, керек болсо линиялар, мобилдик топтор дагы көбөйтүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден сактануу чараларын так сактоону: массалык иш-чараларга баруудан баш тартууну, аралыкты сактоону, бет кап тагынып, колду бат баттан жууп, жабык жайларды желдетип турууну, антисептик менен колдонууну жана эмдөө өтүүнү суранабыз. Эмдөө таажы тумоо менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Өзүңүздү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!