“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 13-январга каратаконуш  тургундарына 686 техникалык паспорт берилди.

«Жер-Ынтымагы» конушунан  1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда канааттандыруудан баш тартылган, 898 техникалык паспорт берилди.

Ошондой эле, убактылуу негизде “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамик”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, "Тынчтык", "Учкун" конуштарында "  2021-жылдын 13-декабрынан бери 542 кайрылуу кабыл алган.

2022-жылдын 11-январынан тарта Дордой-2 конушунда да иш башталып, жашоочулардан 138 арыз түшкөн.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө  бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Сизден расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуздар, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз.

Зарыл болгон документтердин тизмеси төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.meria.kg/en/post/23317