Муниципалитеттин жетекчилиги Бишкек шаардык санитардык полигондо жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

Учурда полигон бөлүгүн террассалоо жана рекультивациялоо иштери жүрүп жатат, бул полигондо түтүндү жоюуга мүмкүндүк берет.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери жана «Эко-Тренд плюс» компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарынын санитардык полигонунун аймагында быйылкы алгачкы жумушчу жыйынын өткөргөн.

Жолугушуунун катышуучулары полигондогу иштердин абалына, анда чыккан түтүндүн деңгээлине баа беришти, ошондой эле жакынкы күндөргө иш планын, анын ичинде МЖӨ Макулдашуусу боюнча жеке өнөктөш менен таштандыларды иргеп алуу, кайра иштетүү жана утилдештирүү аракеттерин  талкуулашты.

Таштандыларды иргөөчү заводду куруу долбоору мэрдин өзгөчө көзөмөлүндө.