Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын муниципалитетинде "Голос" долбоорунун 10-сезонунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолукту.

Айбек Жунушалиев Александрды жеңиши менен куттуктап, ага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

2021-жылдын күзүндө Биринчи каналда " Голос" долбоорунун мааракелик сезону башталды. Александр Волкодав кастингден ийгиликтүү өтүп, долбоодун  катышуучусу болуп калды.

Александр Волкодав бардык этаптардан ийгиликтүү өтүп, Элина Пан, Ернар Садирбаев жана Алишер Каримов менен жеңиш үчүн күрөшкөн "Голос 10-сезон" долбоорунун финалисти болду.

2021-жылдын 30-декабрында, жаңы жылдын алдында музыкант Кыргызстандын элине белек кылган – долбоордун жеңүүчүсү болгон. Дал ушул күнү биринчи каналда көрсөтүүнүн акыркы чыгарылышы чыкты. Көрүүчүлөр добуштардын көбүн Пелагея командасынан Александрга беришти.