Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Байсов Чынгыз Таштанбекович Биринчи май районунун акиминин турак-жай коммуналдык чарбасы боюнча орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин ал райондук администрациянын аппарат жетекчиси болуп иштеген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.