Свердлов районунун акими Бахтияр Карамшаковдун төрагалыгы алдында, ошондой эле шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча райондук штабдын жыйыны өттү.

Күн тартибинде санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо боюнча соода жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде рейддерди уюштуруу, беткап кийүү зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аралыкты сактоо жана башка профилактикалык иш-чаралар каралган.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар жетекчилерге COVID-19 менен күрөшүүдөгү канааттандырарлык эмес иштер боюнча дисциплинардык эскертүүлөр берилди.

Жыйынтыгында, өзгөчө коомдук транспорт жана чарба субъектилери үчүн рейддик иш-чаралардын алкагында ишти күчөтүү чечими кабыл алынды.