Социалдык тармактарда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерге өтө жакын орнотулган, өзгөчө түнкүсүн “сокур зона” болуп,  жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочулар үчүн коркунуч алып келген трейлер тууралуу  видео таралган.

Трейлер Чокморов көчөсүнүн боюнда Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрүнүн ортосунда, №6 мектеп-гимназиясынын маңдайында жайгашкан.

Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери, Бишкек ШИИБ менен биргеликте тез арада жерине барышып, дөңгөлөктүү коммерциялык объект жол эрежесин одоно бузуу менен орнотулганын аныктады. Трейлер эвакуацияланды.