Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев "Арча-Бешик" конушундагы жаңы бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты.

Бүгүнкү күндө сырткы инженердик түйүндөрдү тирөөчү дубалдарды тургузуу жана орнотуу аяктап, 1-кабаттын дубалдарын көтөрүү башталып, монолитти куюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул бала бакча 180 орунга эсептелген.

Бала бакчаны куруу былтыр башталган. Быйылкы жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Балдардын мектепке чейинки мекемелерин каржылоо шаардык бюджеттен ишке ашырылат.

Курулуш иштерин "КББ" ЖЧКсы жүргүзүп жатат.