“Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасы лифтчи-операторлорго “Лифттерди тейлөө боюнча лифтчи үчүн эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларынын негизинде, пландан тышкары инструктажын өткөрдү.

Белгилей кетсек, лифтерлор адамдарды кабинадан коопсуз эвакуациялоонун ыкмаларын, убагында электромеханиктерге лифттин аныкталган бузуктары тууралуу маалымат берүү зарылдыгын билиши керек.

Ишканада иштеген 60 лифтчинин арасында үч айда бир жолу инструктаж өткөрүлүп турат.