Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков № 14 мектепке чейинки билим берүү борборуна видеокамера сатып алууга сертификат тапшырды.

№ 14 мектепке чейинки билим берүү борборуна видеокамера алуу үчүн акимчиликтин резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, № 45 жана № 94 орто мектептерге комплект катары 22 компьютер алынды.

Оргтехниканы сатып алууга жалпы сумма 999,6 миң сомду түздү.