Жолугушууда тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана трансформатордук көмөкчордонду орнотуу боюнча суроолорду беришти.

Айбек Жунушалиев жер-жерлерде мобилдик топтор техникалык паспортторду даярдап, график боюнча иштеп жатканын билдирди.

Ошондой эле шаар тургундарына турак жайды борбордун  Ленин районуна бекитүү пландалып жатканы түшүндүрүлдү.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри эки ай ичинде эки электр көмөкчордонун (КТП) орнотууну, мектептин долбоорун быйылкы жылдын титулдук тизмесине киргизүүнү жана суу алуучу көмөкчордон куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү тапшырды.