Муниципалитеттин Санитардык-экологиялык инспекциясы  көрктөндүрүү боюнча эреже бузгандарды аныктоо иштерин улантууда.

Жол курулушуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 177-беренесине ылайык,  5 миң 500 сом өлчөмүндө  Жукеева-Пудовкина көчөсүнүн тургуну  Тукаев Д. жооп тартат.

Айлана-тегерегинде тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берененин негизинде Бурдасов П.(Ч.Айтматов проспектиси), Келечек конушунда жайгашкан чач тарач, Махатма Ганди көчөсүндөгү унаа жуучу жайга жана Ч.Айтматов проспектисиндеги №54 сулуулук салонуна айып пулдар салынды.

Сүйүмбаев №142 көчөсүнүн жолдун боюндагы топурактарды казгандыгы  үчүн «Түндүк электр» ишканасы тарабынан факт катталып, 179-берененин 2-бөлүмү боюнча 17 миң сом айып пул салынды. Бирок компания күнөөсүн мойнуна алган жок. Ишти административдик комиссия карап чыгып акыркы чечим чыгарат.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузулушуна күбө болуп калсаңыздар Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.