Бишкек шаарында акы төлөнүүчү муниципалдык унаа туруктарын жана токтотмолорун уюштуруу боюнча МЖӨ долбоору ишке ашырылганга чейин муниципалдык унаа токтотуучу жайлар кадимки режимде иш алып барат.

Бүгүн, 15-январда бардык унаа токтотуучу жайлар шаар тургундарынын кызматында. Унаа токтотуучу жайлар 26-февралда жана 26-мартта дагы иштейт.

Иш убактысы саат 8:00дөн 20:00гө чейин, муниципалдык унаа токтоочу жайларда унаа токтотуу акысы 25 сом.
Муниципалдык унаа токтотмолору төмөнкү даректерде жайгашкан:
- Киев көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бейшеналиева көчөсү Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Токтогул көчөсү Жаш Гвардиядан “Ала-Арча” дарыясынын көпүрөсүнө чейинки бөлүгү;
- Кулиев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
- Безымянная көчөсү Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Жукеева-Пудовкина көчөсү Безымянная көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Сүйөркулов көчөсү (Жукеева-Пудовкина көчөсү);
- Юнусалиева көчөсү (Сүйөркулов көчөсү);
- Кулатов көчөсү (Матросов көчөсү);
- Сүйүмбаев көчөсү Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Исанов көчөсү Чүй көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ибраимов көчөсү Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
-Клубный көчөсү (“Сары-Өзөн” базары)
- Курманжан-Датка көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Славянский көөсүнө чейинки бөлүгү;
-Токтогул көчөсү “Мото” соода борбору
-Шопоков көчөсү Москва көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бобулова көчөсү Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- "Мадина" базары (жаңы жол);
- Бөкөнбаев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсү Манас проспектисинен Керимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Шопоков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
-Москва көчөсү -  Усенбаев көчөсү;
- Токтогул көчөсү Жаш Гвардияда бульварынан Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Биздин операторлор “Бишкек токтотмолор жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасынын логотиби түшүрүлгөн атайын жилети жана жанында атайын төш белгилери бар.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы жана МЖӨ борбору жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүүгө жана пландаштырылган максаттарга жетүүгө жардам бере турган потенциалдуу операторлордун же жеке өнөктөштөрдүн ар кандай сунуштарын жана идеяларын кароого даяр, республиканын аймагында биринчи жолу ишке ашырыла тургандыгын эске алып. Арыздар жана сунуштар 2022-жылдын 30-январына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

dei@meria.kg
pppgovkg@gmail.com
bishkek@meria.kg
pressa@meria.kg