Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев салтка айланган жарандарды жеке кабыл алуу өткөрдү.

Райондун жашоочулары менен болгон жолугушууда аймактын жашоо-турмушу жана көрктөндүрүү, материалдык жардам көрсөтүү, социалдык жактан тейлөө боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Шаардыктардан түшкөн бардык кайрылуулар боюнча райондун тиешелүү кызматтарынын жетекчилерине жана жетекчилердин орун басарларына бардык көтөрүлгөн маселелерди колдонуудагы мыйзамдардын чегинде жана ыкчам чечүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, муниципалдык администрацияда “Бирдиктүү терезе” иштейт, ошондой эле электрондук почта: adm-oktyabr@bk.ru, анда ар бир каалоочу өзүнүн каттарын жана кайрылууларын калтырып, ошондой эле Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев менен жолугушууга жазыла алат.

Бирдиктүү терезе иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү даректе ачык:  Байтик-Баатыр көч. №17 (биринчи кабат, фойенин оң тарабында). Тел: 57-63-80.