«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 15-январга карата конуштардын  тургундарына 757 техникалык паспорт берилген.

«Жер-Ынтымагы» конушу  боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда канааттандыруудан баш тартылган, 959 техникалык паспорт берилген.

Ошондой эле,  “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамик”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, "Тынчтык", "Учкун" конуштарынан  2021-жылдын 13-декабрынан бери 293 кайрылуу кабыл алган.

2022-жылдын 11-январынан бери Дордой-2 жаңы конушунда да иш башталып, анын тургундары 419 арыз менен кайрылышкан.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдштырууга  укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Сизден расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болгондор болсо, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз.

Зарыл болгон документтердин тизмеси төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.meria.kg/en/post/23317