Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы   калааны өзүм билемдик менен орнотулган объектилерден бошотууну улантып жатат.  
“Балбан-Таймаш” жаңы конушунда муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алуудан токтотулду.

7- кичи районунда Орто-Сай базарынын жанында күркө демонтаждалды, ошол эле жерде эки чатырча алынды.

Түшүндүрүү иштеринин натыйжалуулугу бир нече жолу белгиленген. Ошентип, башкармалыктын адиси 4- кичи районунда жыйынтык чыгарууга жетишти жана куймак сатуучу эки жеңил типтеги объект өз ыктыяры менен алынды.

Урматтуу шаардыктар! Өзүм билемдик менен орнотулган объекттилерди өз ыктыяры менен алууну суранабыз! Эгерде талаптар аткарылбаса башкармалык  тийиштүү  чараларды колдонго аргасыз болот!

Мыйзамсыз объекттилер боюнча кайрылууларды башкармалыктын социалдык тармактардагы баракчаларынан күтөбүз:
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: uzs@bishkek.kg
Twitter: @uzsmeriakg