Бүгүн биз борбордук Ала-Тоо аянтындагы өлкөнүн башкы балатысын демонтаждоо иштерин баштадык. Биринчилерден болуп «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери киришти, азыр оюнчуктарды жана башка жасалгаларды чечип жатабыз, андан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасы балатынын  өзүн алышат.

Ошондой эле Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык жасалгалар алынууда.

Конструкцияларды бөлүктөргө бөлүп, кылдаттык менен сактоо үчүн кампаларга алып барабыз.