Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч, оорунун көбөйүшү байкалууда. 17-январга карата Бишкек шаарында жаңы катталган коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 658 учурду түздү.

Тез жардам борборунун маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде 589 адам тез жардам кызматына кайрылып, бригадалар 479 чакырууга барышса,412 адамга телефондон консультация берилип, 111 адам ооруканага жаткырылган, анын ичинен 21 адам COVID-19,37 пневмония жана  4 адам курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган шаардыктар.

Бүгүнкү күндө борбор калаада 18 мобилдик топ иштеп жатат. Өткөн суткада 419 чакыруу тейленип, ПЧР - изилдөө жүргүзүү үчүн 442 мазок алынды.                                    
Белгилей кетсек, мобилдик топтор  118 чалуу-борборуна ковид-19 боюнча кайрылган жарандарга барышат.


Акыркы суткада  118 чалуу-борборуна 626 кайрылуу түшүп, 271 учуру КОВИД-19 шектенүү менен мобилдик бригадага өткөрүлүп берилген.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден сактануу чараларын так сактоону: массалык иш-чараларга баруудан баш тартууну, аралыкты сактоону, бет кап тагынып, колду бат баттан жууп, жабык жайларды желдетип турууну, антисептик менен колдонууну жана эмдөө өтүүнү суранабыз. Эмдөө таажы тумоо менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Өзүңүздү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!

Сиздерден өзүңүздөрдү дарылабай, ден-соолугуңуздарды сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоону өтүнөбүз. Эгерде сиздер  ооруп жатканыңыздарды сезсеңиздер, анда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери менен кеңешип, оорунун баштапкы этабында алдын алсаңыздар болот. Дарыгерлер ар дайым сиздерге керектүү жардамды берүүгө даяр.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун регистратураларынын жана ишеним телефондорунун номурлары:


Ленин районунун БҮМБ: 0990 888030; 0312 644542
• ҮМБ №2: 0990 888028; 0312 210357
• ҮМБ №11: 0990 888029; 0312 311060
• ҮМБ №12: 0990 888031; 0312 211732
• ҮМБ №13: 0990 888032; 0312 657388
• ҮМБ №17: 0990 888033; 0312 551106
Октябрь районунун БҮМБ: 0990 888036; 0312 570291
• ҮМБ №15: 0990 888015; 0312 426962
• ҮМБ №18: 0990 888035; 0312 568233
• ҮМБ №19: 0990 888019; 0312 571367
Биринчи май районунун БҮМБ: 0990888071; 0312 325232
• ҮМБ №7: 0990 888072; 0312 662044
• ҮМБ №14: 0990 888073; 0312 678274
• ҮМБ №16: 0990 888074; 0312 541309
Свердлов районунун БҮМБ: 0701 103002; 0312 635123
• ҮМБ №4: 0701 103001; 0312 434007
• ҮМБ №8: 0701 103003; 0312 433907
• ҮМБ №9: 0701 103004; 0312 368830
• ҮМБ №10: 0701 103007; 0312 38781