17 -январга караган  түнү “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын маалымат кызматына “Бакай-Ата” конушунун тургундарынан мыйзамсыз бактарды кыюу боюнча кайрылуу  түшкөн.

Тургундардын айтымы боюнча Ак-Сай көчөсүндө түнү менен 8 терек кыйылган.
Айтылган дарек боюнча “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери барып, жашылдандыруу ишканага эч кандай кайрылуулар түшпөгөнү маалым болду.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылып, шектүүлөр  шаардык милиция бөлүмүнө тапшырылды.
Автоунаа айып токтотмосуна токтотулду.

Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери бак-дарактарга келтирилген зыянды эсептөө үчүн Мамлекеттик экология жана климат боюнча комитетине жөнөтөт.