Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык  ишканасы менен биргеликте администартивдик имараттардын тосмолорун алуу иштерин улантып жатат.

Бул жолу биздин топ Кырыгз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын темир тосмолорун алганга жетишти.

Андан тышкары билдирүү баракчасы берилгенден соң Кусаин Көлбаев атындагы Бишкек автомобил-жол колледжинин тосмолору алынды.
Бул иш-чара «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлдү. Андан тышкары  шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү.

Мамлекеттик орган жана мекемелердин администрацияларына өз ыктыяры менен тосмолорду алууну суранабыз. Бул биздин шаарга жана шаардык кызматтарга олуттуу пайда алып келет.

Мыйзамсыз объекттилер боюнча кайрылууларды башкармалыктын социалдык тармактардагы баракчаларынан күтөбүз:
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: uzs@bishkek.kg
Twitter: @uzsmeriakg