18-январдан 28-январга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде шаардык Балдар сүрөт мектебинин 40 жылдыгына арналган “Жаш сүрөтчүнүн көз карашы” аттуу көргөзмө өтөт.

Шаардыктарга балдардын көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын ар кайсы жылдарда жасаган эмгектеринин ретроспективасы тартууланат.

Чыгармалар сүрөт искусствосунун түрдүү жанрларында: сүрөт, живопись, графикада жасалган. Ар кандай ыкмалар менен: карандаш, акварель, гуашь, пастел, аралаш ыкмалар.

Биздин көргөзмө Кыргызстанда көптөгөн эл аралык көргөзмөлөргө Кыргызстандын атынан чыккан таланттуу, чыгармачыл балдар көп экенин көрсөтүп турат.