Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев райондогу билим берүү мекемелеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ж. Ырсалиев 225 окуучу орунга эсептелген №18 орто мектептин (Карагай тилкеси 31) кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Эки кабаттуу имараттын аянты 910 м2.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери 95% га аткарылып, имараттын ички жана тышкы жасалгасы, пол жана терезе-эшиктерди орнотуу, электр жана сантехника, ошондой эле жылуулук менен камсыздоо, суу жана канализация түтүктөрүн орнотуу иштери аякталды.

Подрядчы аймакты көрктөндүрүү иштерине киришти.

Каражат коррупцияга каршы депозиттик эсептен бөлүнгөн.

«Дастан Групп» ишканасы Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККУ) сынагынын негизинде иштейт. Куруучулар бул ишти быйылкы жылдын аягына чейин бүткөрүүгө убада берүүдө.

Андан соң, жетекчи Е. Якира атындагы № 61 автордук физика - математикалык мектеп-лицейинин окуу-тарбия комплексинде болду.

Азыркы учурда лицейдин аймагында 375 орундуу жаңы имараттын, ошондой эле спорт залдын курулушу дээрлик аякталууда.

Учурда бүтүрүү иштери жана сырдоо иштери жүрүп жатат.

Буюртмачы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги. Аталган жерде «Шер курулуш» курулуш компаниясы иш жүргүзүүдө.