Билим берүү мекемелеринде коронавирус инфекциясынын учурлары аныкталып, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругуна ылайык, 13 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү: №26, №88, №62, № 60, № 73, № 12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6.

Ошондой эле, №135 мектепке чейинки билим берүү уюму, ал эми №144 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тайпа жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы окуучулардын сабакка катышуусун күн сайын көзөмөлдөп турат, мектептерде окуу процесси коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин бекитилген алгоритми боюнча так жүргүзүлүүдө.

Урматтуу ата-энелер! Балаңыз ооруп калса, аны мектепке же бала бакчага жибербеңиз. Үй-бүлө мүчөлөрү карантинди сактаганда дагы, мектеп окуучусу же мектепке чейинки курактагы бала да коронавирустун алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек жана аны эч шектенбестен башкаларга жуктуруп алат. Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз ооруп жаткан болсоңуз, карантин режимин сактап, жумушка чыкпаңыз, беткап кийип, колду бат-баттан жууп же антисептик колдонуп, эмдөөдөн өтүңүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.