Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбор калааны мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазалоону талыкпай улантууда.

Бул жолу Манас проспектисинин 95-үйүнүн жанындагы темир тосмо демонтаждалды.

Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа токтотууга чектөөлөр киргизилди. Башкармалыктын адиси тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ээлери өз ыктыяры менен объекттерди алып салышты.

Ошондой эле, Раззаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде уруксатсыз орнотулган унаа токтотуучу жайларды чектөө түрүндөгү мыйзам бузуулар жоюлган.

Урматтуу шаардыктар! Тиешелүү документтери жок объекттерди орнотпоону, болбосо ыктыярдуу түрдө демонтаждоону суранабыз!

Урматтуу шаардыктар! Мыйзамсыз объектилер боюнча кайрылууларды башкармалыктын социалдык тармактардагы баракчаларына калтырсаңыздар болот:


Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: uzs@bishkek.kg