Бүгүн "Рухий-Мурас" конушунун тургундарынын өтүнүчү боюнча Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев жаңы конуштун активдүү тургундары менен жолукту.

Жолугушуу учурунда тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүштү. Район жетекчиси билдиргендей, жер-жерлерде мобилдик топтор техникалык паспортторду даярдап, график боюнча иштеп жатышат.

Ошондой эле, район башчысы тургундарга быйыл "Рухий-Мурас" конушуна жалпы билим берүүчү мектептин курулушу башталаарын маалымдады. Жаңы мектеп 700 орунга эсептелинген.


Эскерте кетсек, мындай көчмө жыйындар райондун аймагында улантылмакчы.