Свердлов районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынган мыйзамды шаардыктар тарабынан сактоо боюнча рейддер башталды.

Рейдге акимчиликтин, МАБтын, Ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  өкүлдөрү катышты.

Рейддик иш-чаралар Свердлов районунун аймагында жайгашкан көңүл ачуу жана коомдук жерлерде өткөрүлүүдө.
Алдын алуу иш-чаралары уланууда.

Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 19, № 24 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки түтүнүнөн жана аэрозолдордон коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.