Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын муниципалитетинин имаратында Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ганхуяг Содном мырза менен жолукту.

Тараптар Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын мэрияларынын ортосунда тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Борбор калаанын мэри өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, тактап айтканда, Бишкек шаары Монголиянын борборундагы түтүнгө каршы күрөшүү тажрыйбасына кызыкдар экенин, өз кезегинде Улан-Батор шаары шаар шарттарында Бишкектин жашылдандыруу технологияларын колдонууга даяр экенин билдирди.

Муниципалитет эки мамлекеттин борборлорунун ортосундагы кызматташуу боюнча келишимдин долбоорун даярдады.