Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев оор турмуштук кырдаалга жашаган 58 жаштагы райондундун тургунуна кызы жана 3 небересине жардам көрсөттү.

Райондун тургуну Октябрь районунун администрациясына жардам сурап кайрылган. Администрация тарабынан 20 000 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. А.Шадыканованын туруктуу каттоосу болбогондугуна байланыштуу, аны Бишкек шаары Байтик Баатыр көчөсү, 17 (администрациянын имаратына) катталды.

Бүгүн Октябрь районун башчысы Мирлан Эшкожоев чоң эне менен жолугуп, балдар үчүн азыктар жана памперс берилди..

Бул маселе башчынын тыкыр көзөмөлүндө.